ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Ассоциациянын ишмердүүлүгүнүн предмети – бул пайдалуу кендерди чалгындоо / казып алуу, аларды алгачкы кайра иштетүү / жарым фабрикаттарды өндүрүү, анын ичинде жардыргыч заттарды / материалдарды сатуу боюнча иш-чаралар менен алектенген тармактардын жыйындысы жана Кыргыз Республикасынын аймагында бургулоо / жардыруу иштерин жүргүзүү жана Ассоциация мүчөлөрүнүн укуктарын/эркиндиктерин / мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп, тоо-кен казып алуу өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Ассоциациянын максаттары:
- Ассоциациянын мүчөлөрүнө тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү менен байланышкан илимий, башкаруучулук жана башка материалдык эмес максаттарга жетишүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү;
- Ассоциациянын мүчөлөрүнүн тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жана коргоо жаатындагы ишин, анын ичинде эл аралык кызматташтыкты координациялоо;
- Тоо-кен тармагында эффективдүү өзүн-өзү жөнгө салууну түзүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
- Ассоциациянын мүчөлөрүнүн кесиптик ишмердигине уюштуруучулук, укуктук, усулдук жана консультациялык колдоо көрсөтүү;
- Ассоциациянын мүчөлөрүнүн жана бүтүндөй тоо-кен комплексинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды тартуу жана багыттоо;
- Кен казуучу аймактардын, тоо-кен казып алуу комплексинин ишканаларынын жана эмгек жамааттарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
- Социалдык жана эмгектик мамилелер чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүк системасын түзүү жана натыйжалуу иштетүү үчүн Ассоциация мүчөлөрүнүн күч-аракетин бириктирүү, тиешелүү контракттарды/макулдашууларды даярдоого жана түзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары тоо-кен иштери боюнча эл аралык мамилелерди жана түз байланыштарды түзүү жана колдоо;
- Тоо-кен тармагындагы ата мекендик/эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коомдук, соттук жана башка органдарында жана андан тышкары жерлерде Ассоциациянын мүчөлөрүнүн укуктарын/мыйзамдуу кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
- Кенчилердин кесиптик ишинин мыйзамга каршы келбеген принциптерин, эрежелерин жана кодекстерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат;
- Айлана-чөйрөнү коргоо жана тоо-кен мыйзамдарын сактоого көмөк көрсөтүү;
- Ассоциациянын мүчөлөрүн кесиптик ишинин багыттары боюнча маалыматтык камсыздоо.
Ассоциациянын максаттарынын тизмеси ачык, ал Ассоциациянын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө толукталышы/өзгөртүлүшү/такталуусу мүмкүн.